SerepTV Logo

"Бишкектин чоң көчөсүндөгү скамейканы уурдап кетишиптир". Милиция ууруларды издеп жатат

"Бишкектин чоң көчөсүндөгү скамейканы уурдап кетишиптир". Милиция ууруларды издеп жатат
Борбор калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги велосипед жолунда коюлган скамейка жоголду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Ошондой эле мэрия да отургучтун уурдалганын тастыктады. Маалыматка ылайык, ишемби күнү, 27-мартта жоголгон скамейканын ордунан алыс эмес жерде, милиция кызматкерлери бадалдын арасынан отургучтун жыгач бөлүктөрүн табышкан, бирок темир шаймандары табылган эмес. Учурда бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси (башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш ишин катташып, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Unknown Author