SerepTV Logo

Бишкекте 15 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бишкекте 15 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Бүгүнкү күндө Бишкекте коронавируска каршы 15 миң 365 адам эмдөөдөн өткөнүн медициналык жардам жана электрондук саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди. Алардан:
  • 2104 — дарыгерлер
  • 531 — мектеп мугалимдери
  • 666 — мамлекеттик кызматкерлер
  • 4655 — 65 жаштан жогору адамдар
  • 247 — укук коргоо органдарынын кызматкерлери
  • 7003 – жарандар
15365 адамдын ичинен 1804 вакцинанын экинчи дозасын алышкан.