SerepTV Logo

Бишкекте үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан кыз менен баланы милиция таап берди

Бишкекте үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан кыз менен баланы милиция таап берди
Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен өспүрүмдөрдү таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Кечээ, 27-октябрда саат 14:15 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Чуйков көчөсүнөн эки бала жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 2016-жылы туулган кыз жана 2018-жылы туулган бала үйүндө ойноп жатып чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендиги аныкталган. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Ибрагимов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришти.