SerepTV Logo

Бишкекте үйгө ууруга кирип, 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды жана акча уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте үйгө ууруга кирип, 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды жана акча уурдоого шектүү кармалды
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 2024-жылдын 30-декабрь күнү Ленин районунун ички иштер башкармалыгына 1995-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Чынгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйүнө кирип, акча, алтын буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 454 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылууда.