SerepTV Logo

Министрлик Бишкекте уу-коргошунга төрт адам ууланганын тастыктады

Министрлик Бишкекте уу-коргошунга төрт адам ууланганын тастыктады
Бишкек шаарында уу-коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты. Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу. Ушуну менен борбор калаада уу-коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Кечээ аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган. Андан тышкары Бишкекте Тез жардам менен 1958-жылы туулган жаран Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнө өтө оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «белгисиз зат менен уулануу» диагнозу коюлган.