SerepTV Logo

Бишкекте төрөлгөн 3 эмди төрөт үйүнөн чыгарууга Айсулуу Тыныбекова да барды (сүрөт)

Бишкекте төрөлгөн 3 эмди төрөт үйүнөн чыгарууга Айсулуу Тыныбекова да барды (сүрөт)
Бүгүн, 19-октябрда балбан кыздардын ысымынын урматына Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысым ыйгарылган 3 эм төрөт үйүнөн чыгарылды. Аларды тосуп алууга дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова да келди. Спортчу 3 эмди жарыкка алып келген энеге белегин тапшырды. 5-октябрда Бишкектеги төрөтканалардын биринде 3 эм төрөлгөн. Аларга жакындары дүйнөнү багындырган кыргызстандык спортчу кыздардын атын ыйгарууну чечишкен. Бирок 3 эмдин аты бири-бирине уйкаш болсун деп Мээрим деген ысымды Ай-Мээрим деп өзгөртүшкөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="79075,79069,79068,79067,79066,79065"]