Бишкекте той өткөрүүгө чектөө киргизилет
«Бүгүн кеңейтилген республикалык отурумда тойлорду жана үлпөттөрдү чектөө боюнча чараларды көрөбүз». Бул туурасында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Чечим бар, биз аны бүгүн кечинде же эртең жарыялайбыз», - деди ал.
Буга чейин министр эпидемиологиялык абалдын начарлашынан Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда чектөө киргизилерин билдирген.