Бишкекте тилемчилик кылган өзбекстандык келиндердин балдары энелеринен ажыратылат
Бишкекте көчөдө тилемчилик кылган өзбекстандык келиндердин балдары энелеринен ажыратылып, Балдарды реабилитациялоо боюнча атайын борборго жайгаштырылмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда мэриядан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, Биринчи Май райондук акимчилигинде Балдардын иштери боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен үй-бүлөлөрдүн мүлк укуктарын коргоо, аларга жардам берүү маселелери жана көчөдө тилемчилик кылгандар боюнча жалпысынан 24 материал каралды. Бишкектин көчөлөрүндө тилемчилик кылган өзбекстандык аялдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды мындай ишке тартууга жол берилбеши керектиги айтылды жана атайын борборго убактылуу жайгаштыра туруу чечими кабыл алынды. Өзбек жарандары бул жакка качан келгени, алар канчоо экени айтылган жок. Мындан тышкары, комиссия борбор калаада кароосуз жүргөн үч баланы фостердик үй-бүлөгө өткөрүп бермей болду.