Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп, ал көз жумду. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт
11-октябрда саат 23:40 чамасында Кулиев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдо тепловоз болжол менен 25-30 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду кырдач, чачы кара кыска.
Кийген кийими: жеңи кара боз күрмө, кочкул көк түстөгү футболка, кара шым, боз ич кийим, кара боз байпак.
Маркумду таанып-билгендер болсо, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына байланышып, кабар берип койсоңуздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90158,90553,90552"]