Бишкекте оорулуу үй-жайсыз адамдар үчүн хоспис ачылды
Борбордо катуу ооруп жаткан үй-жайсыз адамдар үчүн хоспис ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мекеме Мурас-Ордо конушунда жайгашкан.
Анда туруктуу жашаган жери жок оорулуу адамдарга паллиативдик жардам көрсөтүлөт. Хоспис беш адамга ылайыкталган. Бирок келечекте кеңейет.
«Хоспис «Жашоо булагы» фондунун алдында ачылды. Анын негиздөөчүсү - Гордан Мэри Маргарет Тирквуд, ал мындан 18 жыл мурун Кыргызстанга келип, үй-жайсыз адамдарга жардам бере баштаган. Фонддун баш калкалоочу жайларында туруктуу жашаган жери жок адамдар душка түшө алышат, таза кийим жана бут кийим алышат», - деп билдиришти мэриядан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="71217,71216,71215"]