SerepTV Logo

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү аяктады

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү аяктады
Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” маршы болуп өттү. Маршрут Жеңиш аянтында аяктады. Алдын ала маалыматтарга караганда, иш-чара коомдук тартипти бузуусуз өттү. Милициянын алдын ала маалыматына караганда, жүрүшкө 25 миңдей адам катышкан.