SerepTV Logo

Бишкекте окуучулар милдеттүү түрдө бет кап тагынат

Бишкекте окуучулар милдеттүү түрдө бет кап тагынат
Бишкекте окуучулар милдеттүү түрдө бет кап тагынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында вице-мэр Виктория Мозгочева билдирди. Анын айтымында, ар бир мектепте килемче болот жана алар дезинфекциялоочу каражаттарга чыланат. «Имарат дайыма дезинфекцияланып, желдетилип турат. Класстарда дезинфекциялоочу каражаттар болот", - деди ал.  Виктория Мозгачева окуучулар үчүн бет кап тагынуу милдеттүү түрдө болорун белгиледи. "Бизде мектептерде окуучулар көп, ошондуктан социалдык аралыкты камсыздай албайбыз, бул министрлер кабинетине жөнөтүлдү", - деп кошумчалады ал.