SerepTV Logo

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган "Эдем" кафеси алынып салынды

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган "Эдем" кафеси алынып салынды
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилер түрттүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Бул иштердин алкагында Бишкектин Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Эдем" кафесинин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар объектини алууга макул болушту. Ошондой эле «FOOD TRUCK» тез тамактануучу жайынын ээлери өз эрки менен ал жердеги ишмердүүлүгүн токтотту. Мындан тышкары Лущихин жана Молдо Нияз көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз турган павильон түрттүрүлдү. "Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Борбор калаанын аймагында соода кылуунун жана курулуш жүргүзүүнүн эрежелерин сактасаңыздар!"- деп эскертишет мэриядан.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="27370,27372,27373,27374,27375,27376,27377,27378"]
Unknown Author