SerepTV Logo

Бишкекте миңден ашуун лифт колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен абалда иштейт

Бишкекте миңден ашуун лифт колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен абалда иштейт
Бишкекте 1007 лифт колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен абалда иштейт. Бул тууралуу "Бишкекгорлифт" ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтты. "Алар авариялык абалда эмес жана коопсуз. Шаардык бюджеттен 2021-жылы 26 миллион сом бөлүнгөн, буга 20 лифт оңдолгон. 2020-жылы 21 миллион сом бөлүнгөн. Бир лифтти орнотууга орточо 1 миллион 200 миң сом коротулат", - деди директор. 11-январда Бишкектин «Улан-1» кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып калып, каза болгон.