SerepTV Logo

Бишкекте милицияга "мен бирөөнү өлтүрүп алдым" деген чалуу түшкөн

Бишкекте милицияга "мен бирөөнү өлтүрүп алдым" деген чалуу түшкөн
20-февралда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына чалуу түшкөн. Анда эркек киши "Мен бирөөнү өлтүрүп алдым" деп айтып, Лев Толстой көчөсүндөгү дарек берген. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Жерине барган милиция кызматкерлери тарабынан маалымат тастыкталган эмес. Чалган киши байланышка чыкпай калган. Издөө иштери жүргүзүлүп, 1975-жылы туулган жаран кармалган. Ал аялы менен уруша кетип чалганын айтты. "Мен милиция кызматкерлеринен кечирим сурайм, аялым менен уруша кеткем. Мага кабатыр болсун деп, ушундай ишке бардым", - деген ал. Эми анын кылыгына юридикалык баа берилет.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)