Бишкекте милиция пакистандыктардан үйдөн негизсиз чыкпоону суранат
Бишкекте милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ленин РИИБдин коомдук коопсуздук инспекторлору чет өлкөлүктөр, анын ичинде Пакистандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Милиция аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертет.
Мындан тышкары, тартип сакчылары аларды мейманканалардан же батирлеринен муктаждыксыз чыкпоого чакырышат, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону сунушташты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram