SerepTV Logo

Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кыздын үйүн таап, ата-энесине жеткиришти

Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кыздын үйүн таап, ата-энесине жеткиришти
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кызды таап, ата-энесине жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:00 чамасында "Ала-Тоо" аянтынан жалгыз жүргөн кичинекей кызды көрүшкөн. Аты жөнүн тактап сурашканда, 7- жаштагы кичинекей кыз адашып, үйүнө жете албай жүргөндүгүн кабарлаган. Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кичинекей кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин аныктап, Ак-Өргө конушунда жайгашкан үйүн таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.