Бишкекте мектептер эки күнгө жабылып, андан соң кадимки режимде иштейт
Бишкекте мектептер 12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, мектептер толугу менен аралыктан окууга өтпөйт.
"Ордо калаадагы эпидкырдаалдан улам Бишкектин мектептери 12-13-апрелде гана жабык болот. 14-апрелден тарта кадимки тартипте окуу башталат. Эки күндө шаардык кеңешке шайлоо өткөн соң имараттардын ичи тазаланат", - деди ал.
Ал шайлоо участоктору жайгашкан бала бакчалар гана 8-апрелден 14-апрелге чейин жабылып жатканын кошумчалады. Андан кийин бөбөктөр бакчага бара баштайт.
Буга чейин мэрия борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өткөрүлө турганын билдиришкен эле.