Бишкекте кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү
Бишкекте кечээ, 13-июнда кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү. Жыйырмадай активист кыз "Ала-Тоо" аянтында чолок шым кийип, жөө жүрүш уюштурушту. Алар муну менен ар бир кыз каалагандай кийинүүгө укуктуу экенин белгилеп, колдоруна кыздарды кемсинткен, кодулаган, ыдык көрсөткөн көрүнүштөргө каршылык билдирген жазууларды кармап турушту. Ошол эле учурда активист кыздар жөө жүрүш аркылуу кыздарга ыдык көрсөткөндөрдү жоопко тартууну талап кылышты.
Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген жана анын негизинде кылмыш иши козголгон.