SerepTV Logo

Бишкекте кылмыштуу топ кармалып, 78,6 килограмм баңгизат алынды

Бишкекте кылмыштуу топ кармалып, 78,6 килограмм баңгизат алынды
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген топтун активдүү мүчөлөрү кармалды: 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1987-жылы туулган С.А.Т., ошондой эле уюштуруучу катары шектелип жаткан 1997-жылы туулган А.У.А.. Кармоо иштери бир нече дарек боюнча бир убакта жүргүзүлгөн. Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана атайын жабдылган жашыруун жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкүлөр табылган: •    Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 78 килограмм 660 грамм болгон баңгизаттар: апийим —18 килограмм 385 грамм, гашиш — 60 килограмм 275 грамм; •    Улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы ири суммадагы акча каражаттары: 40 700 АКШ доллары, 8 000 000 өзбек суму жана 303 000 сом; •    Электрондук таразалар, таңгактоочу материалдар жана башка баңгизат соодасына байланыштуу буюмдар. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалгандардын өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары  башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.