SerepTV Logo

Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн дагы 3 пункт ачылды

Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн дагы 3 пункт ачылды
2 калкты тейлөөчү борбордо, ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишкананын филиалында ("Бишкек почтасы") убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, эмдөө пунктары №3 Калкты тейлөө борборунда (Жаш гвардия бульвары, 4), №4 КТБ (Жибек жолу көчөсү, 381), ошондой эле Бишкек почтасында (Чүй проспектиси, 96) ачылды. Баткен облусунда да, Салихов көчөсү, 33/1 дарегиндеги Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды. Бул пункттардан каалаган адам эмдөөдөн өтө алат. Паспортуңуздун жанында болушу маанилүү. Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен бекер жүргүзүлөт.