SerepTV Logo

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды (сүрөт)

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды (сүрөт)
Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, күн сайын санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын аймагынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат 119-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн "Электросила" компаниясы жана шаар тургунуна айып пул салынды. Алар үчүн жеке адамдарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Жол курулушун бузгандыгы үчүн “BGB” компаниясы 119-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Чектеш аймактагы антисанитардык шарттар үчүн төмөнкүлөргө айып пул салынды: “Партнер Кей Джи” (Фрунзе гипермаркети), Бишкек Мелкомбинаты (Акун) жана шаар тургуну. Алардын бардыгы 70-берене боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул төлөшөт. Орозбеков көчөсү №166 дарегинде жашаган шаар тургуну жалбырактарды өрттөп жиберген. Жеринде инспекторлор тарабынан 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 7500 сом өлчөмүндөгү протокол түзүлдү. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62196,62198,62199"]
Unknown Author