SerepTV Logo

Бишкекте коомдук транспорттун акысын Visa картасы менен төлөөгө болот

Бишкекте коомдук транспорттун акысын Visa картасы менен төлөөгө болот

Коомдук транспорттун акысын Visa банк карталары менен төлөөгө болот. Бул тууралуу "Тулпар" долбоорунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык муниципалдык транспортто байланышсыз Visa карталары менен төлөө функциясы пилоттук режимде ишке киргизилген.

«Жүргүнчүлөр жөн гана валидаторго банк картасын тиркөөсү керек. Жаңы функция бардык коомдук транспорттордо бар. Терминалдар Кыргызстандын бардык банктарынын байланышсыз Visa карталарын төлөө үчүн кабыл алышат», - деп белгиленет долбоордо.