SerepTV Logo

Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатылып жатат. Дареги

Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатылып жатат. Дареги

Бишкек шаарындагы Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде тоннасы 3000 сомдон көмүр сатылууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, азырынча чектөө бар. Тактап айтканда, бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат.  "Көмүр алуучулардын саны көп болгондуктан айтылган даректе кезек күткөндөр бар", - дешти мекемеден.

Кечээ, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2нин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 миң сомго түшөрүн убадалаган.