Бишкекте көчөлөр кардан тазаланбай, узун тыгын жаралып жатат
Кечээ, 24-февраль түнү Бишкекте жааган кар калаа тургундарын түйшүккө салды. Таң эрте жолдор кардан тазаланбай, узакка созулган унаа тыгыны орун алып ыңгайсыздык жаралганын бишкектиктер SEREP MEDIA маалымат агенттигине билдиришти.
Алардын айтымында, тротуарлар тазаланбай, муздан тайгаланып, жыгылышууда. Ошондой эле шаар тургундары кар тазаланбай жолдордо узун тыгын пайда болгондуктан, жумушуна да кечигип келишкенин кошумчалашты. “Мындай ыңгайсыздыктын баары тиешелүү кызматтардын өз милдетин так аткарбай жатканынан болуп жатат”, - деп билдиришти шаар тургундары.
Мындан улам, Бишкек шаарынын мэриясына кайрылдык. Анда алар тийиштүү кызматтар таңкы саат 5тен бери тазалоо иштерин башташканын белгилешти. Бирок шаарда кар тазалагыч унаалар жетишпегендиктен убагында тазалоо иштери бүтпөй калып жатканын айтышты. "Эгерде жабдуулар жетиштүү болгондо көчөлөрдү убагында тазалоого жетишмекпиз", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле мэрия учурда тазалоо иштери уланып жатканын айтып, "Тазалыктын" кызматкерлери жөө адамдар баскан тротуар, аялдамаларга тайгалак болбош үчүн кум, туз себип жатышканын кошумчалашты. Алардын айтымында, шаардагы аба ырайынан пайда болгон ыңгайсыздык түшкө чейин чечилет.