Бишкекте кар. Көчөлөрдү тазалоого 37 атайын техника тартылды
Борбор калаанын көчөлөрүн тазалоого 37 атайын техника тартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык кызматтар түн ортосунда тазалоого чыгышкан. «Саат 02:00дөн баштап «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 37 атайын техника – МАЗ үлгүсүндөгү 28 кар тазалоочу техника, 4 универсалдуу машина, «Беларусь» 5 кичи трактору тартылды. Көчөлөргө жана жолдорго туз себилүүдө. Эртең менен 354 тонна туз сарпталды», - деп айтылат маалыматта.
«Тазалык» жана «Бишкек жашылдандыруу» ишканалары калың карды тазалоодо колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатышат. Шаарда 657 тазалоочу штаттык режимде иштеп жатат.