Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жоголгон президентинин тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулушту. Колдорунда плакаттары бар 200гө жакын адам бийликтен аларга Кыргыз жаранын издөө жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда. Митингчилер ошондой эле президент Садыр Жапаровдон маселени жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүшөт. Нааразы болгондор бүгүнтөн баштап митингдерде спикер болбой тургандыгын билдиришти. Митинг тынч өтөт.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.