SerepTV Logo

Бишкекте Жусуп Абдрахмановду эскерүү митинг-реквиеми өттү

Бишкекте Жусуп Абдрахмановду эскерүү митинг-реквиеми өттү
Бишкекте мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага шаар тургундары, мэр Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов коомдук фонддун директору Мирбек Үсебаев катышты. Катышуучулар курман болгондорду эскерип, саясатчынын бюстуна гүл коюшту.