SerepTV Logo

Бишкекте жолдо кызы менен өтүп бараткан кишини айдоочу менен жанындагы адам экөөлөп сабап салган видео тарады

Бишкекте жолдо кызы менен өтүп бараткан кишини айдоочу менен жанындагы адам экөөлөп сабап салган видео тарады
Окуя тууралуу жабыркаган кишинин келинчеги соцтармакка жазып, видеосун жарыялаган. Анын айтымында, Тунгучта жолдошу кызы менен жөө адамдар өтчү чийинден өтүп баратканда Toyota Camry токтобой койгон. Буга жини келген киши унааны тээп жиберген. Айдоочу дароо жолдун ортосунан токтоп, артынан жанындагы киши да чыгып кызы менен бараткан адамды экөөлөп сабашкан. "Мунун баарын кызым көрүп турган. Эми үч күндөн бери жакшы уктай албай, тигилер кайра келип сабайт деп коркуп жатат. Окуяга кайдыгер карабай, арачалаган кишилерге рахмат", — деп жазган жабыркаган кишини жубайы. Милиция азырынча маалымат бере элек.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Блеклист / Blacklist Черный список KG ?? (@black_list.kg)