SerepTV Logo

Бишкекте жол тескөөчүлөр бала бакчадан чыгып, адашып кеткен кызды атасына өткөрүп беришти

Бишкекте жол тескөөчүлөр бала бакчадан чыгып, адашып кеткен кызды атасына өткөрүп беришти
Кечээ, 15-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын атайын ротасынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда Туңгуч кичи районунда 5 жаштагы кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгүн көрүшкөн. Атайын ротанын кызматкерлери кызды кызматтык унаага салып, шаарды кыдырып, ата-энесин таап, жеткирип беришкен. Кыздын атасы кызы бала бакчадан чыккан бойдон дайыны жок болуп, издеп жаткандыгын айтып, ыраазычылыгын билдирген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)