SerepTV Logo

Бишкекте жаран эмне үчүн өзүнө өрт койгону маалым болду

Бишкекте жаран эмне үчүн өзүнө өрт койгону маалым болду
Социалдык тармактарда Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон жарандын видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео кечээ, 16-апрелде саат 17:25 чамасында тартылган. Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, факты каттоого алынып, жерине милиция кызматкерлери барышкан.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге барганда 1996-жылы туулган жаран мас абалында үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам ушундай жол менен өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын аныкташкан. "Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, жабырлануучу ооруканага жаткырылды",- деп айтылат маалыматта.