SerepTV Logo

Бишкекте жаңы каттам жүрө баштады

Бишкекте жаңы каттам жүрө баштады
Бишкек шаарында №17Т жаңы муниципалдык автобус каттамы иштей баштайт, ал ошол эле номердеги троллейбус каттамын алмаштырат. Бул туууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 2025-жылдын 14-февралынан баштап мурда троллейбустар тейлеген каттам боюнча жаңы автобустар жүрө баштайт. Белгилей кетсек, каттам 12-кичирайондон Булгаары заводуна чейин ("Дордой" базары) барат.