SerepTV Logo

Бишкекте изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Бишкекте изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды
Бишкекте изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 6-декабрда милицияга анын апасы кайрылып 1996-жылы туулган уулу Чернышев Илья Игоревич 5-декабрда 6-кичи районундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген. 12-декабрда Бакай-Ата жаңы конушундагы салынып жаткан үйлөрдүн биринен жансыз денеси табылган. Жансыз денени кароо учурунда эч кандай криминалдык тактар байкалган эмес. Тергөө уланууда.