SerepTV Logo

Бишкекте Иван Панфиловдун жаңы эстелиги тургузулуп жатат (сүрөт)

Бишкекте Иван Панфиловдун жаңы эстелиги тургузулуп жатат (сүрөт)

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү Бишкекке алып келинип, аны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көчүрмө Орусиянын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында колодон куюлган. Эстеликтин жалпы бийиктиги 9 метрди түзөт. Постамент менен стилобат кызгылт граниттен жасалып, үч тарабы 28 панфиловчунун баатырдык эпизоддорун чагылдырган барельефтер менен кооздолгон.

Мэрия мурдагы эстелик бетондон куюлганын кошумчалады. «Анын архитектору Василий Верюжский, скульпторлору Ольга Мануйлова, Аполлон Мануйлов, Исидор Фрих-Кхар жана Марк Эпштейн. Эстелик 1942-жылы тургузулган, андан кийин эч кандай реконструкция жүргүзүлгөн эмес, реставрация гана болгон», - дешти. Мурдагы эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="86172,86173,86174"]