SerepTV Logo

Бишкекте эртеңден баштап электробустар каттай баштайт

Бишкекте эртеңден баштап электробустар каттай баштайт
Эртең, 25-сентябрдан тартып борбор калаада жаңы келген электробустарды шаар ичинен көрө баштайсыздар. Алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда электробустар каттай баштайт. Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи  пландаштырылууда. №66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет. 2025-жылдын башында Кытай Эл Республикасынан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="295091,295092,295093,295094,295095"]
edita