Бишкекте 63 жаштагы эркек кишинин уу-коргошунга ууланып, ооруканага түшкөнү айтылууда
Бишкекте эркек киши уу-коргошунга ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Здоровье” жазып чыкты.
«Тез жардам кызматына таңкы саат 5:00 чамасында чакыруу келип түшкөн. Эркек киши 63 жашта. Ал Кардиология борборуна жеткирилди. Ал жактан бейтаптын аконит ичкени аныкталды. Бирок азырынча аконитти кандай түрдө ичкени белгисиз», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалымат такталып жатканын билдирди.