Бишкекте экспресс-кичи автобустарга өзүнчө тариф киргизилбейт
Бишкектеги экспресс-кичи автобустарга өзүнчө тариф киргизилбейт. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.
Анын айтымында, жол кирени жогорулатуу боюнча чечимде "экспресс-микроавтобустар" деген түшүнүк жок. Максат Нусувалиев экспресс-кичи автобустар төрт гана аялдамага токтошу керектигин, бирок иш жүзүндө алар ар бир аялдамага токтогонун белгиледи. Анын айтымында, тариф бардык кичи автобустар үчүн бирдей болот. Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинде депутаттар жол кирени жогорулатуу маселесин карап жатышат.