SerepTV Logo

Бишкекте добуш сатып алууга шектелип кармалган жаран Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы экени айтылууда

Бишкекте добуш сатып алууга шектелип кармалган жаран Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы экени айтылууда
Буга чейин УКМК маалымат таратып, Бишкекте депутаттыкка талапкердин тууганы добуш сатып алды деген шек менен кармалганын билдиришкен эле. Айрым маалымат каражаттары УКМК тарабынан кармалган жаран Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы экенин жазып чыгышты. Камчыбек Жолдошбаев парламенттик шайлоого № 26 Ленин шайлоо округунан ат салышууда.