SerepTV Logo

Бишкекте 1 жыл мурун аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

Бишкекте 1 жыл мурун аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт
2020-жылдын 25-сентябрында Чүй менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 30-35 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Факты Свердлов РИИБге катталган. Милиция аял кишинин аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык, чачы кара, ийинге чейин. Кийген кийими: кара куртка, кызгылт түстөгү футболка, кара-көк түстөгү спорттук шым, бутунда спорттук бут кийим. Эгер сүрөттөгү аял кишини таанып-билгендер болсо, 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15 номурлары менен байланышсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="83745,83744"]