SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 13 жаштагы Адинай Жаныбекова табылды

Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 13 жаштагы Адинай Жаныбекова табылды
Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 2008-жылы туулган Адинай Жаныбекова табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти. Жаныбекова 14-ноябрда саат 14:30 чамасында Сүйүнбаев менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 18-ноябрда кыз милиция тарабынан Ленин районунун аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.