SerepTV Logo

Бишкекте дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы бала куткарылды (сүрөт)

Бишкекте дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы бала куткарылды (сүрөт)

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Рухий Мурас конушунда дааратканага түшүп кеткен 2021-жылы туулган бала аман эсен-куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу жерине тартылып, атайы шаймандардын жардамында даараткананын ичине кирип, баланы алып чыгып беришкен. Баланын абалы туруктуу.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="254309,254310,254311"]