SerepTV Logo

Бишкекте Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Бишкекте Чыңгыз Айтматовду эскеришти
Бүгүн кыргыздан чыгып бүткүл дүйнөгө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн күн. Анын көзү тирүү болсо 92 жашка чыкмак. Бул күнгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2011-жылы 12-декабрды Кыргыз Республикасынын улуттук адабият күнү деп бекиткен. Бул күндү утурлай Бишкекте IV Ысык-Көл форуму “Чыңгыз Айтматов – мамлекеттик жана коомдук ишмер” деген аталышта өттү. Форумга жазуучунун жакындары, коомдук-маданий ишмерлер, Маалымат, маданият жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев ошондой эле Түркиядан келген коноктор катышты.
Unknown Author