SerepTV Logo

Бишкекте чектөөлөр боюнча чечим кандай аткарылып жатат? Айыпка жыгылган жайлар

Бишкекте чектөөлөр боюнча чечим кандай аткарылып жатат? Айыпка жыгылган жайлар
Кечээ, 18-июнда жүргөн рейддин жыйынтыгы менен 6 тамактануучу жай жана 1 интернет-клубга жалпы 31 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынан билдиришти. Түндө мэриянын кызматтары ишмердүүлүктү саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө боюнча чечимдер кандай аткарылып жатканын билүү максатында текшерүү жүргүзгөн. Айыпка 7 жай жыгылды:
  • "Соң-Көл", "Бухара-Ассорти", "Глав Пив Трест" ресторандары;
  • "Соң-Көл" ресто-бары;
  • "Айва" чайканасы;
  • "Пабло" лаундж-бары;
  • "Drop" интернет-клубу.
"Соң-Көл" рестораны менен ресто-барына санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып салынса, калгандары саат 23:00дөн кийин да иштегени үчүн жазаланган. Мында "Глав Пив Трест" юридикалык жак катары 13 миң сом айып төлөсө, калганынын ар бири 3 миң сомдук айыпка жыгылышты.