SerepTV Logo

Бишкекте биринчи класстын окуучулары 15-февралда каникулга тарашат

Бишкекте биринчи класстын окуучулары 15-февралда каникулга тарашат
Бишкекте биринчи класстын окуучулары 15-февралда каникулга тарашат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. "Кышкы каникул бир аптага созулат. 22-февраль күнү биринчи класстын окуучулары кайрадан окууга кайтышат",- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги ар бир аймак өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карап кошумча каникулду өзүлөрү белгилей турганын билдирген.
Unknown Author