SerepTV Logo

Бишкекте биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады

Бишкекте биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады
Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарындагы №4 калкты тейлөө борборунда жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун алгачкылары тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жалпы жарандык паспортту алгачкылардан болуп алгандардын бири — шахматчы, Азиянын 3 жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова менен балдар арасындагы 2 жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болду. Алар бул паспортун Москва шаарында өтүүчү эл аралык турнирге баруу үчүн пайдаланышат. Иш-чарага юстиция министри Асел Чынбаева, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкар Карыбеков жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев катышты. Паспорттун баасы — 885 сом. 2020-жылдын аягында Кыргызстанда паспорттук кризис башталган. Бланктарды сатып алуу үчүн жарыяланган биринчи тендер келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жокко чыгарылган. Ал эми экинчи тендердин келишимине 2020-жылдын декабрында гана кол коюлган.