Бишкекте башаламан жайгашкан гараждардын ордунда жаңы мектеп курулат
Бишкектин «Көк-Жар» кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. «Көк-Жар» кичи районундагы жаңы мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине өткөрүп берилген. "Бишкек башкы архитектура" бул аймакта билим берүү мекемесин түзүү зарылдыгын тастыктаган шаар куруу корутундусун даярдаган. 2024-жылдын 9-октябрында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 710 объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 640 гараж ыктыярдуу түрдө демонтаждалган",- деп жазылат маалыматта. Билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда башкармалыктын адистери «Тазалык» МИ менен биргеликте объекттерди демонтаждашат.