SerepTV Logo

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген топ кармалды

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген топ кармалды
Бишкек шаарынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери баңгизатын жүгүртүүгө шектүү адамдарды кармашты. ШИИБдин басма сөз кызматынын бүгүн, 30-январдагы маалыматы боюнча, Чүй облусунун аймагында баңгизатын ташуу менен алектенген кылмыштуу топ иштеп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жазык кодексинин 267-беренеси менен иш козголгон. Текшерүү иштеринин алкагында Тоголок Молдо менен Витебск көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Одиссей унаасы токтотулган. Анын ичинде айдоочу — 1986-жылы туулган Т.Н., жүргүнчүлөр — 1989-жылы туулган Б.О. менен 1987-жылы туулган У.А. болгон. Унаанын арткы отургучунун алдынан кара түстөгү баштык табылып, анын ичинен белгисиз жаты бар 3 кг салмактагы зат чыккан. Б.О. кийип турган сырт кийимдин чөнтөгүнөн да 9 грамм зат табылып, бул заттар гашиш экени белгилүү болду. Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
edita