SerepTV Logo

Бишкекте бала бакчалар кайрадан ишин баштайт

Бишкекте бала бакчалар кайрадан ишин баштайт
Бишкекте атайын мектептер жана бала бакчалар кайрадан ишин баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн бул маселе боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева, шаардык башкармалыктын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева жана башкалардын катышуусунда өткөн кеңешмеде талкууланган. Чыныбаева белгилегендей, ата-энелердин көптөгөн кайрылууларынан улам бала бакчалар жана атайын мектептер ачылат.
Unknown Author