SerepTV Logo

Бишкекте Азербайжан маданият күндөрү өтөт

Бишкекте Азербайжан маданият күндөрү өтөт
Кыргызстанда Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маданий иш-чаралар программасы: 21-апрель. Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде); Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында). 22-апрель. Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында); Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында); Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында). 23-апрель. Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында); Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында). 24-апрель. Саат 16:00 - Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук “Манас” театрында); Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).