SerepTV Logo

Бишкекте "Аялзат" деп аталган кризистик борбор ачылды

Бишкекте "Аялзат" деп аталган кризистик борбор ачылды
Борбор калаада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн алгачкы муниципалдык кризистик борбору ачылды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Мэриянын айтымында, коопсуздук максатында борбордун дареги көрсөтүлбөйт. Бирок “Аялзат” деп аталган бул борборго үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы көргөн бардык аялдар баш калкалай алышат. Ал жерде кайрылгандар үчүн психологиялык жана юридикалык, медициналык жактан жардам көрсөтүлүп, кеңештер берилет.
Unknown Author